• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алай районунда "Жемиш кампа" жашылча сактоочу жайы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай айыл аймагында “Кыргызиндустрия” ААКнын "Жемиш кампа" жашылча сактоочу жайынын ачылышы болду.

"Жемиш кампа" жашылча сактагычтын ачылышы - жер участокторду пайдаланууну оптималдаштырууга жана фермерлерге өстүргөн продукциясын сактап, ошол эле учурда пайдалуу баада сатуусуна колдоо көрсөтүүгө багытталган иштин натыйжасы болду.

"Жемиш кампа" төрт айыл аймактагы дыйкандарга өздөрүнүн айыл чарба продукциясын узак мөөнөткө сактоого жана рынокко алып чыгууга мүмкүндүк берет.

"Жемиш кампанын" аянты 0,37 гектар жана айыл чарбалык продукцияны жакшы сактоо үчүн заманбап муздаткыч жабдуу менен жабдылган. Муну менен жашылча-жемиштерди жана мөмөлөрдү узак мөөнөт сактоого жакшы шарттар түзүлөт жана дыйкандардын кирешесин көбөйтүү, алардын сезондук чыгымдарын азайтуу камсыздалат.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

"Кыргызиндустрия" ААК экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү, фермерлер жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ишин уланта бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий