• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда дээрлик 50 млн сомго курулуп жаткан спорт комплекси буздурулууда

Аймак 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Кара-Суу районунун Учар айылында курулушу жүрүп жаткан спорт комплекс буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мамкурулуш тарабынан аталган объектинин кошумча блогунун сейсмикалык туруктуулугун камсыздаган конструкциялардын монолиттик түркүктөрүн курууда орун алган одоно кемчиликтер аныкталып, учурда бузуу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Аталган курулуш 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, бъекттин наркы 49,5 млн сомду түзгөн. Долбоор боюнча имарат 2-блоктон турат:

  • негизги блок — 42 мх 24м;
  • жана кошумча блок 12 мх 12м.

Курулуш башталгандан бери объектиге 10 млн сом каржыланган. 2024-жылдын планы боюнча, 5 млн сом каралган. Спорт комплекс "Олимп и Ко" ЖЧКсы тарабынан курулуп, подряддык уюм пайдубалын түптөп, дубалдарын тургузуп жаткан.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан подряддык уюмга курулуш жумуштары боюнча жолдомолор жиберилип турган.

Пикир

Оставить комментарий