• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек ара: Баткен жана Лейлек райондорунда ок атышуу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда ок атышуу уланууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арада кырдаал чыңалуу бойдон калууда.

“Баткен облусунун Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарында ок атышуу уланып, токтой элек”, - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, аталган айылдардан жай тургундарды эвакуациялоо иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы тогуз адам жабыркады: алты аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм).

Пикир

Оставить комментарий