• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен жана Жалал-Абад облустарында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Кечээ, 15-сентябрда саат 11:38де Баткен облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кадамжай районунун Күлдү айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

"Ушул эле күнү саат 17:24тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий