• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 24 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 24 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 6, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында кийим тигүүчү цехтин жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу кампасынын 18 чарчы метр чатыры, ичинде жыйылган 12 тонна кездеме калдыктары жана 45 чарчы метр куураган чөп күйгөн.

Чүй облусунун Москва районундагы Сретенко айылында турак үйдүн короосунда “Матиз” үлгүсүндөгү жеңил унаанын багажы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында таштанды таштоочу жайда жалпы аянты 18 чарчы метр болгон будка толук күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында жыгач устундуу шифер жабылган Салык кызматына караштуу кампанын 3 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Совет айылында жалпы аянты 75 чарчы метр болгон эки кабатуу сарай, 4 тонна эндей чөп, 500 кг жүгөрү даны, 70 боо жүгөрү сабагы жана эмеректер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Баткен районундагы Бужум айылында турак үйдүн 13,5 чарчы метр болгон бир бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий