• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылында жайгашкан үйдүн 72 чарчы метрди түзгөн бастырмасы толугу менен, жыгач устундуу шифер менен жабылган 50 чарчы метр турак үйдун чатыры жана 2000 даана куту (коробка) күйгөн. Өрт балдардын от менен ойногондугунан келип чыккан.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында “Фольксваген Гольф 3” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарында көп кабаттуу турак үйдүн 3-кабатында жайгашкан аянты 42 чарчы метр болгон батир толугу менен, дагы бир батирдин 4 чарчы метри жана үчүнчү батирдин 7 чарчы метр ички жасалгалары, үй буюмдары ошондой эле 100 чарчы метр шифер менен жабылган чатыры күйгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий