• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкек мэри БШКнын төрагасы жана фракция лидерлери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана БШК фракциясынын лидерлери менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар бүгүн, 26-майда өтө турган БШКнын кезектеги сессиясына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле “Борбордун статусу жөнүндө” КР мыйзамын КР Конституциясына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү маселеси козголду.

Талкууда тараптар мыйзам долбоорунун мазмуну боюнча бир пикирге келишти. Ошону менен бирге Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мыйзам долбоору КР министрлер кабинетинин кароосуна киргизилгенге чейин өз сунуштарын жана сын-пикирлерин киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий