• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

23-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 19-июлдан 23-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

19-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

21-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн.

22-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-21-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

19-20-июлдарда жана 21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

22-23-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-июлда күндүз жана 21-июлда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

19-июлда түнкүсүн Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз кээ бир тоо этектерде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

20-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

21-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн.

22-июлда түнкүсүн тоо этектерде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-июлда Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-21-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-июлда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшу, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

20-июлда жана 21-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

21-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн.

22-23-июлдарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-22-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

19-июлда жана 20-июлда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 20-июлда күндүз Каракол шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-июлда күндүз жана 22-июлда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 23-июлда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 19-22-июлдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-июлда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөш, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 20-июлда жана 21-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

21-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн. 22-23-июлдарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-22-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий