• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанга жакынкы боордош жана достук мамиледеги өлкөлөр жардам берүүдө — президент

Президент 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. «Кыргызстанга жакынкы боордош жана достук мамиледеги өлкөлөр жардам берүүдө», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» курган маегинде.

Мамлекет башчысы коронавирустан коргонуу чаралары боюнча алгачкы күндөрдөн тартып эле Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгендигин белгиледи.

«Алгачкы күндөрдөн тартып эле Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдим. Эң алгачкы жолу бул вирустан коргонууда колдоо көрсөтүү маселесин Россия Президенти Владимир Путин менен 28-февралда Москвага барганда сүйлөшкөнбүз», — деп баса белгиледи Президент.

Андан бери өлкөгө дары-дармек жана медициналык каражат жагынан бир топ жардам келгендигин белгиледи.

«Азыр дагы бул багытта жардамдар күтүлүүдө. Ошондой эле адистер дагы келет. Медиктердин алгачкы тобу келип, биздеги кырдаалга мониторинг кылып кеткен. Ошол мониторингдин натыйжасында жоон топ врачтар келе жатат. Биздин дарыгерлер үчүн тажрыйба алмашуу жагынан бул чоң жардам болот», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы андан кийин Владимир Путин менен бул маселе боюнча дагы эки ирет сүйлөшкөнүн белгилеп, жардам дагы келерине ишендирди.

Мындан сырткары, Кыргызстанга жакынкы боордош мамлекеттер — коңшу Кытай, Түркия, Катар, Кувейт жана достук мамиледеги башка мамлекеттерден дагы жардамдар келип жаткандыгын баса белгиледи.

«Мен өнөктөш эл аралык уюмдардын дээрлик баары менен, буга чейин башталган таза суу, ирригация сыяктуу долбоорлорго каржылоону токтотпоо жана пандемия шартында жардам берүү тууралуу жеке өзүм сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Бул каналдар аркылуу да жардамдар келип жатат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий