• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров: Бабаларыбыздын жакшы иштерин эскерип турбасак, эртеңкибиз бүдөмүк болот

Президент 0


Бишкек, 26.10.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда шаар күнүнө арналган майрамдык иш-чарага катышты.

Иш-чара Жалал-Абад шаарынын аталышынын тарыхына арналган майрамдык концерт жана спектакль менен башталды.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү айтты:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу Жалал-Абад шаарынын ардактуу тургундары жана кадырлуу меймандары!

Улуу Жибек Жолунун бир тарамында, айтылуу Аюб-Тоонун этегинде жайгашкан Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жакшылыкта – шаардын 146 жылдык майрамында жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын.

Өмүрүн эл четинде, жоо бетинде өткөргөн Курманбек, Жаныш-Байыш баатырлардын, Кокон хандыгына таасири күч Нүсүп бийдин, алардан берки айтышаарга теңи жок айтылуу акын Жеңижоктун, тоо булбулу Токтогулдун, күү атасы Ниязаалынын, апыз акын Барпынын жана башка белгилүү инсандардын урпактары болгон жалалабаддык туугандар арыбаңыздар!

Эң алды баарыңыздарды “жаштардын шаары” деген ат менен атагы алыска кеткен Жалал-Абад шаарынын 146 жылдык майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Биз жаңы доордо, техниканын кылымында жашап жатканыбыз менен ар дайым кечээги өткөн бабаларыбыздын аттарын атап, эскерип турбасак, тарых бизди кечирбейт дагы, эртеңки күнүбүз бүдөмүк болот. Ата Мекенибизди, жашыл калаа, куттуу шаар маанисин берген Жалал-Абадды дагы ошол ата-бабалар кезинде кан-жаны менен коргоп күрөшүп жүрүп, бизге – урпактарга калтырганын эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бүгүнкү жарык маанай, жакшы тилек менен 146 жылдыгын өткөрүп жаткан майрам күнү дагы ата-бабаларыбызга башыбызды ийип, таазим кылам.

Эгемендигибиз үчүн күрөшүп, бүгүнкү бейпил күндү тартуулаган биздин ата-бабаларыбыздын урматына алардан калган алтын түстүү күн нуру түндүгүбүздөн чачырап турган кызыл туубузду касиеттүү Аюб-Тоонун бооруна көтөрүү менен шаар майрамын баштаганыбыз дагы өзүнчө бир символикалуу мааниге ээ деп айтаар элем. Шаар тургундары, деги эле Жалал-Абад дубанынын эли Аюб-Тоодо желбиреп турган мамлекеттик желегибизди көргөндө жалаң жеңиштерди эстеп, атуулдук сезими ойгонуп, кыргыз жаранымын деп сыймыктанууга, Ата Мекендин атын даңктап-даңазалоого шыктансын, ылайым.

Бүгүн мына ушул берекелүү Жалал-Абад шаар макамын алып, түзүлгөнүнө 146 жыл толуптур. Дээрлик бир жарым кылымдык тарыхты артка таштаган мезгилде калаа өсүп-өнүгүүнүн жана чоң-чоң өзгөрүүлөрдүн жолунда келе жатат десек жаңылышпайбыз!

Жалал-Абад шаарынын калыптануусунда, өнүгүүсүндө жогоруда аттары аталган бабалардын жолун улаган, мына ушул өрөөндөн чыккан эл башкаруучулардын, коомдук ишмерлердин, залкар инсандардын салымы чоң болгон.

Араңыздарда алардын көзүн көрүп, сөзүн эшитип, ишине күбө болгондоруңуздар дагы отурасыздар. Ошол эле Кара-Кыргыз автономдуу облусун уюштуруучулардын бири, Жалал-Абад кантонунун башчысы Махмуд Ботпаев, Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча комиссиянын төрагасы Төрөкул Айтматов, милициянын генералы Эргеш Алиев, Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараев, Жалал-Абад обком комсомолунун мурдагы катчысы Кубат Жуматаев, кара сөздүн жана поэзиянын чеберлери Темиркул Үмөталиев, Төлөгөн Касымбеков, Түмөнбай Байзаков, Жалал-Абад облусунун губернатору Бекмамат Осмонов, Кыргыз Эл баатырлары Абды Сүйөркулов, Дооронбек Садырбаевдер Жалал-Абадды даңазалаган улуу инсандар болгондугу элибиздин эсинде.

Алардын кийинки Жалал-Абад шаарынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон бир катар инсандар бүгүн да арабызда олтуруп, төрүбүздү көрккө бөлөп турганы мени абдан кубандырат.

Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары!

Мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы көрүнүктүү экономикалык борборуна айлантуу үчүн атайын пландын алкагында 2 млрд сом акча каражатын бөлүнгөнүн буга чейин айттым эле.

Бүгүн шаардыктардын ыңгайлуулугуна кам көрүү максатында бир топ социалдык курулуштар менен катар ири жумуштардын басымдуу бөлүгү дал ушул планыбыздын аркасында жасалып жатканына күбө болуудасыздар. Биздин максат – шаар макамын алып жүргөн калктуу пункттарыбызды “шаар” деген атка татыктуу деңгээлге жеткирүү болуп саналат.

Шаардын астанасын аттаганда эле бутубуз баскан жолдор көзгө урунат эмеспи. Андыктан жасалып жаткан иштердин эң эле көзгө көрүнүктүүсү калаанын борбордук көчөлөрүн оңдолуп-түзөлүшүнө басым жасалды. Эми Жалал-Абад шаарынын тургундары дагы, шаарга келген коноктор дагы инфратүзүмү жакшырган, тегиз, жарык жана кенен жолдордо жүрө башташты. Бүгүнкү шаар күнүнүн урматына шаар калкы үчүн белек кылып 50 даана жаңы автобус, аны менен катар облустук сот жана ички иштер башкармалыгына да атайын техниканы тапшырдык. Бул да болсо сиздердин, миңдеген шаар тургундарынын күнүмдүк керектөөсүн жеңилдетип, коомдук коопсуздукту камсыздоого кызмат кылат.

Жүргүзүлүп жаткан бардык алгылыктуу өзгөрүүлөр Жалал-Абад шаарынын жаркын келечегине багытталат. Бул, албетте, шаар тургундарынын жайлуу жана коопсуз жашоосун камсыз кылуу менен катар кийинки муундардын бакубат турмушу жана өркүндөп-өсүүсү үчүн да өтө маанилүү.

Азыркы учурда Жалал-Абад шаар калкынын саны 3-4 эсеге өстү. Мындан улам, шаардын аймагын кеңейтүү иштерин дагы алдын ала ойлонулушу кажет. Мунун алкагында жакында эле элибизди арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында Мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу калаада 639 батирден турган алгачкы ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды.

Бул үйлөрдүн курулушу аяктаса, мамлекеттик кызматкерлер менен катар көп балалуу жалгыз бой энелер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз 4%, калган жарандар 8% менен үй алууга мүмкүнчүлүгү жаралат. Ипотекалык багыттагы турак жайларды куруу иштери муну менен эле чектелбейт, Кудай буюрса, бардык аймактарда дагы улантылат, бул иштер Талас менен Нарында башталды.

Кымбаттуу мекендештер!

Күнөстүү Жалал-Абад жергесинин тургундары!

Аймактар өнүксө, шаарлар гүлдөсө, жалпы өлкөбүз өркүндөйт. Талыкпаган эмгектин акыбети кайтып, Жалал-Абаддын көркүнө көрк кошулуп, күндөн-күнгө жашарып, жашыл шаарга, заманбап калаага айланып бараткандыгына күбө болуунун өзү сыймык. Жалал-Абад шаарынын экинчи экономикалык борборго айлантуу аракетин колдогон ар бир шаар тургунуна ыраазычылык билдирем.

Тарыхы бай, табияты кооз шаарыбызда социалдык-экономикалык жана маданий өзгөрүүлөр, алдыга умтулуулар арбый берсин!

Жалпы элибиз менен катар Жалал-Абад шаарынын тургундарына бекем ден соолук, берекелүү өмүр, бакубат турмуш каалайм!

Шаар күнү майрамыңыздар кут болсун!

Бар болуңуздар!”.

Пикир

Оставить комментарий