• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Мектептер 2030" программасы. Нарында мектеп жана бала бакчаларга керектүү жабдуулар берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.04.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги менен Ага Хан фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Мектептер 2030” программасы боюнча Нарын облусунда жасалып жаткан иштер менен тааныштыруу жүрүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган программанын алкагында Нарын шаарындагы 17 мектеп жана Нарын облусундагы 15 бала бакча жабдууларды, окуу материалдарын жана башка ресурстарды алышты. Билим берүү уюмдары өздөрү иштеп чыккан долбоорлорго ылайык жабдууларды алышты.

Өткөн аптада Ага Хан фонду Билим берүү жана илим министрлигине “Мектептер 2030” программасынын алкагында пилоттук 70 мектеп жана 30 бала бакчага 5,5 млн сомдук интерактивдүү панел, ноутбук, принтер, проектор жана окуу материалдарды тапшырган.

Быйыл 11-13-июнда “Мектептер 2030” программанын алкагында III Глобалдык форумунда 36 өлкөнүн 200дөн ашуун өкүлү Кыргызстандын тажрыйбасы менен таанышат.

"Мектептер 2030" – 10 мамлекеттеги 1000 мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын камтыган глобалдык 10 жылдык программа.

Пикир

Оставить комментарий