• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө эки мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун пенсиялык жана тарифтик саясат чөйрөсүндөгү реформа жүргүзүүнү камсыз кылуу, пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү, эскирген ченемдерди алып салуу, пенсия чектөөдө калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу болуп саналат.

Мыйзам менен төмөнкүдөй ченемдер каралган:

– пенсиянын базалык бөлүгү – пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү алардын пенсиясы дайындалган датага карата пенсионердин үч жашоо минимумунун чоӊдугунан (өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) ашпаган адамдарга пенсиянын мамлекет тарабынан кепилденген бөлүгү экендиги белгиленет. Мында пенсиянын базалык бөлүгүнүн жеткирилген суммасы пенсиянын толук базалык бөлүгү менен пенсионердин үч жашоо минимумунун чоӊдугун (өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) кемитип салгандан кийинки жалпы пенсиянын өлчөмүнүн ортосундагы айырма катары аныкталат;

– пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет;

– эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексация аркылуу орточо эмгек акынын (республикада өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлде кармалат;

– пенсиянын эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок эсептелген пенсияны алуу үчүн кайрылган учурдан мурдагы 5 жылдан ашпаган убакыттагысына төлөнүп берилет;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмегиндеги адамдарга, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш үчүн соттолгондорго соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып, жазасын өтөөдөн бошотууга чейин пенсия чектөөгө жана төлөөгө, ошондой эле ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат;

– пенсионер каза болгон учурда, каза болгон адамды көмүүнү жүзөгө ашырган адамга ал кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө көмүүгө жөлөкпул төлөнөт.

Мындан тышкары, юридикалык жакты түзбөстөн, 1 гектардан аз жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулары белгеленген.

Ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик жүргүзгөн I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин l-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» пунктчасына, 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган I жана II топтогу майыптар, ошондой эле жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулары каралган.

Мыйзам ушул Мыйзамдын расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 2-беренесинин 2, 3,4, 7-пункттарын, 8-пунктунун «а» пунктчасын, 12-пунктун кошпогондо, 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий