• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жогорулатууга салым кошкон жарандар сыйланды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. “Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо боюнча Бүткүл республикалык кеңешмеге катышуунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык өнүктүрүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга кошкон салымы үчүн жарандарга сыйлыктарды тапшырды.

Алар министрлер кабинетинин Ардак грамоталары жана министрлер кабинетинин төрагасынын алкыштары менен сыйланышты.

Министрлер кабинетинин башчысы социалдык контракт программасынын ийгиликтүү жана натыйжалуулугун белгилеп, анын алкагында быйыл 20 миң үй-бүлө камтылаарын белгиледи. Бул максаттарга республикалык бюджеттен 2 млрд сом каралган.

“Бүгүнкү күндө социалдык контракт программасынын алкагындагы долбоорлордун 65%ы кирешелүү. Миңге жакын үй-бүлө 20 миң сомдон ашык киреше алса, анын ичинде бизнеси ийгиликтүү деп табылган 70ке жакын үй-бүлө 40 миң сомдон ашык киреше табат. Айына 90 миң сом алган үй-бүлөлөр да бар", - деди ал.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин ар кандай тармактар боюнча жүргүзүп жаткан иштерине токтолуп, өлкөнүн ИДПсы 1 триллиондон ашканын, өсүү темпи жогору бойдон калып жатканын баса белгиледи. Республикада жүздөгөн мектептер, ондогон балдар бакчалары курулуп, пайдаланууга берилүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы социалдык контракт программасынын катышуучуларына ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорлорду мындан ары өнүктүрүүдө чоң ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий