• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бакыт Төрөбаев Ирандын каза болгон президенти менен коштошуу зыйнатына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Тегеран шаарында Иран Ислам Республикасынын каза болгон президенти Эбрахим Раиси менен расмий коштошуу зыйнатына катышты.

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев иран тарапка КР президентинин жана министрлер кабинетинин төрагасынын атынан көңүл айтты.

Белгилей кетсек, коштошуу зыйнатына катышуу үчүн Ирандын борборуна бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Пакистандын, Тажикстандын президенттери, Азербайжандын премьер-министри, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын спикерлери, Беларустун тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келген.

Пикир

Оставить комментарий