• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Ош облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди

Өкмөт 0


Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапарынын алкагында Ош облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматчылары, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешти.

Премьер-министр посттордун жеке курамына ыраазычылык билдирип, мамлекет медицина, милиция жана аскер кызматкерлерин колдоо үчүн бардык тийиштүү чараларды көрөрүн баса белгиледи.

Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов бүгүнкү күндө Ош облусунда абал туруктуу экендигин, санитардык-карантиндик посттор күчөтүлгөн режимде иштеп жатышканын маалымдады. Ал ошондой эле постторду өздүк коргонуу каражаттары жана тамак-аш менен камсыздоо маселелери толук чечилгендигин айтты.

Өкмөт башчы коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөштө шарттарды түзүү үчүн санитардык-карантиндик посттордун натыйжалуу иштөөсү маанилүү экендигин белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий