• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сурабалдиева: Мугалим тараптан балдарга сексуалдык кол салуу – бул жол берилгис ыпылас иш

Өкмөт 0

Бишкек, 09.01.21 /Кабар/. Мугалим тараптан жашы жете элек балдарга сексуалдык кол салуу – бул жол берилгис, ыпылас иш. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы мектептердин бириндеги жашы жете элек балага карата бузукулук иш-аракетке шектелген мугалимдин кармалыш фактысы боюнча ушундай пикирин билдирди, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Белгилүү болгондой, мурда окуучулардын ата-энелеринен кармалаган мугалимдин жосунсуз аракеттери тууралуу маалыматтар түшкөн, бирок мектеп администрациясы эч кандай чараларды кабыл алган эмес. Бул мугалимдер тарабынан балдарга карата бузуку аракеттерин жасаган өтө жосунсуз жорук. Өлкөнүн бир дагы мектебинде мындай фактыларга жол берилбеши керек. Жалпы билим берүү мекемелери, тармактык муниципалдык жана мамлекеттик органдар ата-энелерден жана окуучулардан түшкөн сигналдарга, кайрылууларга кош көңүл мамиледе болбошу шарт. Эгерде өз учурунда алдын алуу чаралары кабыл алынган болсо, бул нерсеге жол бербөөгө мүмкүн эле. Менталдык четтөөлөргө шектелген жактарды балдар менен иш алып барууга жол берилбеши керек», - деди Эльвира Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр орун алган окуя боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий