• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вице-премьер Боронов Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты, анын жүрүшүндө ведомствонун 2018-жылкы ишинин жыйынтыктары чыгарылып, 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

Жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу баяндаманы Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысынын м.а. Эрмек Мамыркалиев жасады.

«2018-жылы Бишкек-Ош унаа жолунда аймакта алгач ирет төлөм кабыл алуу пункттарында төлөм терминалдарын, видеокамераларды жана автоматтык шлагбаумдарды пайдалануу менен «Тоннелдер аркылуу өтүүсү үчүн акы алууну уюштуруу тутуму» киргизилген. Посттордо төлөм картасы аркылуу накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн 12 пост-терминал орнотулуп, иш алып барууда. Буга катар отчеттук мезгилде узундугу 907 км келген жалпы пайдалануудагы унаа жолдорун паспорттоштуруу жүргүзүлдү», - деди ал.

Мындан соң биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2018-жыл атамекендик экономика үчүн жөнөкөй эмес жылдардан болгондугун белгиледи.

«Ага карабастан, биз бир катар ири иш-чараларды өткөрө алдык, анын катарында үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну да орун алды. Ал үчүн бизди бири сынга алса, бири колдоого алды. Буга катар биз туризм секторун өнүктүрүүбүз керектигин белгилеп кеким келет. Өткөн жылы өлкөнүн ИДПсындагы туризмдин үлүшү 5%ды түздү. Бул жакшы көрсөткүч, мындай көрсөткүчкө мурда жетише алган эмеспиз», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөттүн үстүбүздөгү жылга карай пландарына токтолууда, биринчи вице-премьер-министр 2019-жылдын I жарым жылдыгында алкоголдук продукция, тамеки өндүрүмдөрү жана КММ сыяктуу товардык позициялар боюнча фискалдаштыруу иш-чаралары өткөрүлөрүн маалымдады.

«Фискализация эсебинен бюджетти толтуруу күтүлүүдө. Мындан тышкары, учурда Өкмөт тарабынан мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Негизги көңүл «Түндүк» электрондук тутумуна, санариптештирүүгө, бүгүн ишке берилген «Коопсуз шаар» долбоорун мындан ары карай ишке ашырууга бурулат. Буга катар өлкө Президентинин 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо жөнүндө жарлыгынын алкагында аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иш улантылат. Жалпыбыздын алдыбызда жоопкерчилик менен аткара турган көлөмдүү иштер турат. Бул ар бир министрлик жана ведомство жетекчилеринин милдети», - деди ал.

Коллегиянын ишин жыйынтыктоодо биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Транспорт жана жолдор министрлигинин линиясы боюнча аткарылчу жолдорду, көпүрөлөрдү куруу жана оңдоо боюнча бардык иштер сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышы тийиштигин белгиледи.

Маалымдама: Республикалык бюджеттин эсебинен мамлекеттик капиталдык салымдарды эсепке алуу менен 251,2 км асфальт-бетон төшөлдү, анын ичинде «Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата» жолу - 52,0 км, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүнүн алкагында – 82,4 км.

2018-жылы унаа ташуучулар тарабынан 127 364 каттам жасалган жана 1 681 294 тонна жүк ташылган. Бул өткөн жылга караганда көп (143,1% жана 137,6%, тиешелүү түрдө). Жүк ташуулардын саны электрондук көзөмөл тутумун орнотууга байланыштуу (мурдараак транспорттук көзөмөл пункттарында «Адамдык факторду азайтуучу электрондук транспорттук көзөмөл» автоматташтырылган маалыматтык тутуму орнотулган) болуп саналат.

Республика боюнча жалпысынан 1 829 калктуу пункт бар, алардын ичинен маршруттук каттам менен 1600 калктуу пункт камтылган, 229у ар кандай себептерге (жол шарттары, жүргүнчүлөрдүн аздыгы, кирешелүүлүктүн жоктугу) байланыштуу камтылган эмес. 2018-жылы аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 16 автобусттук каттам кайрадан ачылып, 26сы жандандырылган.

Пикир

Оставить комментарий