• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Чек талап кылып – байге утуп ал!” лотереясы. Жеңүүчүлөргө унаалар жана чет өлкөгө жолдомолор тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Чек талап кылып – байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүнө электр унааларынын ачкычтарын жана чет өлкөгө жолдомолорду тапшырды.

Лотерея Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жарандарды кассалык дүмүрчөктөрдү талап кылууга үндөө жана калктын салык боюнча сабаттуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду.

2023-жылдын 25-декабрынан 30-декабрына чейин өткөрүлгөн лотереянын экинчи этабында баалуу сыйлыктардын 1244 жеңүүчүсү аныкталды, анын ичинде 10 батир, 11 электр унаалары жана эки адамдык 4 жолдомо Дубайга берилди. Лотереяга 400 миңден ашуун кыргызстандык катышты.

Акылбек Жапаров сатып алууларды жүргүзүүдө кассалык дүмүрчөктөрдү активдүү талап кылгандыгы үчүн жеңүүчүлөрдү куттуктап аларга ыраазычылык билдирди.

“Салык төлөө ар бир жарандын милдети. Салыктар мамлекеттин өнүгүшүнүн, элдин турмушун жакшыртуунун жана жыргалчылыгын жогорулатуунун негизи. Мен бардык кыргызстандыктарды салыкты ак ниеттүүлүк менен төлөөгө жана сатып алууда кассалык дүмүрчөктөрдү талап кылууга чакырам”, — деди Акылбек Жапаров.

Салык кызматынын “Чек талап кылып – байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын долбоору ийгиликтин жаркын мисалы катары мамлекетке да, жарандарга да пайда алып келүү менен өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди.

Пикир

Оставить комментарий