• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгууда БАЭ тажрыйбасын колдонууну көздөйт — Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын 2-этабынын башталышына байланыштуу Кыргызстанга келишкен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Министрлер Кабинетинин атаандаштык жана билим алмашуу боюнча министринин орун басары Абдулло Нассер Лута баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда министрлер кабинетинин башчысы, БАЭ менен биргеликте Кыргызстанда өкмөттүк акселераторлор программасын ишке киргизгенине туура бир жыл болгонун, өзгөчө канааттануу менен белгиледи.

“Биздин мамлекеттерибиздин биргелешкен аракеттеринин жана өз ара тыгыз аракеттенүүсүнүн аркасында алдыга коюлган максаттар жөн гана ишке ашырылбастан, биздин күткөнүбүздөн да ашып түштү. Бул инновациялык долбоор биздин кызматташтыктын ийгиликтүү жыйынтыгынын эң сонун үлгүсү болуп, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү”, - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал, жетишилген натыйжалар жаңы ийгиликке шыктандыраарын кошумчалап, БАЭ тараптын тажрыйба алмашууга өзгөчө умтулуусуна ыраазычылык билдирди. Аны менен Акылбек Жапаров, Бириккен Араб Эмираттары 50 жана 100 жылдык узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгууда чоң тажрыйбага ээ экендигин белгилеп, бул багытта иштешүүгө кызыктарлыгын билдирди.

Өз кезегинде БАЭ министрлер кабинетинин атаандаштык жана билим алмашуу боюнча министринин орун басары Абдулло Нассер Лута, БАЭ менен Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин ортосундагы мамиленин жогорку деңгээлин белгилеп, "Өкмөттүк акселераторлор" биринчи этабынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, өз ара кызыкчылыктагы долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, БАЭ министринин орун басары Лутаны келе жаткан Орозо айынын башталышы менен куттуктап, БАЭ менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилелери жаңы тепкичке көтөрүлүп, маңыздуулугу улам артып бара жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий