• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Салыкчылар күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташуу фактыларын аныкташты

Коом 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу фактыларын аныкташты.

Ведомстводон такташкандай, "Сосновка" постунда 4 миң литр күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу фактысына бөгөт коюлган.

Ошондой эле Ысык-Ата районунда рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө тиешелүү документтери жок 3 тоннага жакын күйүүчү май ташыган унаа кармалды.

Продукция тартып алынып, транспорт каражаттары айып токтотуучу жайга киргизилди. Материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий