• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошов 100 жашка толот

Аймак 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошов 100 жашка толот.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Касымбай Жолдошов 1925-жылдын 25-июнунда туулган. 1943-жылы согушка кетип, 1950-жылы Ата Мекенине кайтып келген. Согуштан кайткандан кийин Ноокат районунун Кеңеш колхозунда фермер, бригадир, кассир болуп эмгектенген.

Байбичеси, уулу өтүп кеткен, учурда небереси Медербек Касымбаевдин колунда турат. 1 кыз, 27 небере, 55 чебере, 3 кыбырасы бар.

Согуш жылдарында эрдиктери үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун юбилейлик медалдары жана аскер сыйлыктары менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий