• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарында "Агартуучулар аллеясы" түптөлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Нарын шаарынын Шаарча аймагына жаңы аллея салынып, ал "Агартуучулар аллеясы" деп аталды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аллея жергиликтүү бюджеттен 2 млн 700 миң сомго жасалып, алдыда дагы өнүктүрүүлөт. Ал эми камкордукка шаардагы агартуу тармагы алышат.

Белгилей кетсек, буга чейин шаардын М. Сыдыков (Москва) чөлкөмүнө медайымдар аллеясы түптөлгөн, алдыда Ак Коргон аймагына чарба кызматкерлеринин аллеясы салынат.

Пикир

Оставить комментарий