• 88.68
  • 95
  • 0.95

Асеин Исаев БУУнун АУЖКБ БАдагы регионалдык өкүлчүлүгүнүн жаңы башчысын кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (АУЖКБ) Борбордук Азиядагы регионалдык өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп дайындалган Матильда Богнерди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Исаев М.Богнерди дайындалышы менен куттуктап, БУУ АУЖКБ өкүлчүлүгү менен өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин жана конструктивдүү мүнөзүн белгиледи. Кыргызстан менен БУУ АУЖКБ ортосундагы жемиштүү кызматташтык мындан ары да уланарына ишенимин билдирди.

КР ТИМ башчысынын биринчи орун басары өлкөнүн адам укуктарын коргоо жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп, Кыргызстан укук үстөмдүгү, адам укуктарын коргоо жана колдоо принциптерине ылайык мамлекеттик саясатты улантарын баса белгиледи.

Өз кезегинде М.Богнер өлкөдөгү демократиянын жана адам укуктарынын жогорку деңгээлин белгилеп, АУЖКБнын регионалдык өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын артыкчылыктарына ылайык мындан ары да бул чөйрөлөрдө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий