• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекке Беларусь жана Армениянын парламенттик делегациялары келди

Саясат 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова баштаган жана Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян баштаган парламенттик делегациялары Кыргызстанга келишти.

Сыйлуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.

Пикир

Оставить комментарий