• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ЖККУга мүчө-өлкө башчыларынын тар курамдагы бейформал жолугушуусу башталды

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-өлкө башчыларынын тар курамдагы бейформал жолугушуусу башталды.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул жылы уюм өзүнүн түзүлгөнүнүн 25 жылдыгын белгилейт.

Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге (ЖКК) 1992-жылы 15-майда Ташкентте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) кирген 6 өлкөнүн – Армения, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары кол коюшкан. Ал эми 1993-жылы ЖККга Азербайжан, Грузия жана Беларусь кошулган.

2002-жылы 14-майда ЖККУ негизделген.

Азыркы учурда ЖККУ Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстанды бириктирет. Өзбекстан аталган уюмдан 2012-жылы 19-декабрда чыккан.

Бүгүн ЖККУ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна уюмга мүчө бардык өлкөлөр катышууда.

Пикир

Оставить комментарий