• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев 2020-жылкы парламенттик шайлоого КСДПнын тизмесин жетектеп барат

Саясат 0

Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. 2020-жылкы парламенттик шайлоого Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмесин Алмазбек Атамбаев жетектеп барат. Бул тууралуу маалымат жыйында партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова билдирди.

Анын айтымында, эгер партия жеңишке жетсе, Атамбаев парламентке баруу-барбоо боюнча чечимди өзү кабыл алат. Ал ошондой эле Атамбаев эч кандай мамлекеттик кызматтарга барууга ниеттенбегенин кошумчалады.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө КСДПнын кезектеги 18-съездине даярдыктын алкагында партияда жалпысынан жети комитет жана бир кеңеш түзүлгөнү кабарланды.

КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев маалымат жыйындын ачылышына гана катышып, жакынкы эки-үч ай ичинде партияда бир катар өзгөрүүлөр болорун айтты.

Пикир

Оставить комментарий