• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мирзиеев: Кыргызстан биз үчүн стратегиялык өнөктөш

Саясат 0

Бишкек, 05.09.17. /Мехриниса сулайманова – Кабар/. “Мен боордош Кыргызстанга чакырганыңар үчүн абдан ыраазымын. Буга чейин совет мезгилинде болушунча жакын болууга аракет кылдык”,-деди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон тар чөйрөдө жолугушууда.

Анын айтымына караганда, чындыгында 25 жыл аралыгында көптөгөн маселелер чечилди, бирок тийиштүү деңгээлде эмес.

Өзбекстандын президенти билдиргендей, делегаттардын Андижандан Ошко жана тескерисинче Кыргызстандан Өзбекстанга болгон сапарлары тарыхый учур болуп калды

“Кызматташууларыбызды жөнгө салбасак, тарых бизди кечирбейт болчу. Улуу жазуучу Чыңгуз Айтматов айткандай – бул элдердин каны да, тили да бир. Муну менен баары айтылган. Биздин өлкөнүн стратегиясы – коңшу өлкөлөр менен жакындашуу. Кыргызстан биз үчүн стратегиялык өнөктөш”,-деди Мирзиеев.

Пикир

Оставить комментарий