• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Германиянын ортосунда каржы-техникалык кызматташууну ишке ашыруу талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия» Рефератынын башчысы Анке Конрад менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкадай, тараптардын жолугушуусу ушул жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жыл толугуна утурлай өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери жана быйылкы юбилейлик жылда пландаштырылган иш-чаралар тууралуу талкууланды.

Ошондой эле тарапдын жолугушуусунда Кыргызстан менен Германиянын ортосунда соода-экономикалык, каржы-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну ишке ашыруу маселелери, “Жашыл Борбор Азия” демилгесин ишке ашыруу, ошондой эле консулдук чөйрөдөгʏ кызматташуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий