• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттен үлгү алып ар бир эле адам байлыгынын кантип топтолгонун түшүндүрүп бере албайт - эксперт

Коом 0

Бишкек, 14-апрель /Мирлан Киизбаев – Кабар/. 2010-жылы бийликке келген көпчүлүк саясатчылар Президент Алмазбек Атамбаев сыяктуу өз капиталдарынын булагын негиздеп бере алышпайт. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, эксперт Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, президент бийликтеги ар бир адам эл алдында өз капиталынын булагын түшүндүрүп бериши керектиги боюнча туура багыт көрсөттү. Бирок, юридика илимдеринин докторунун көз карашында ар бир эле адам байлыгынын кайдан топтолгону тууралуу түшүндүрө албайт.

“Президент туура багыт көрсөттү. 2010-жылы бийликке келгендердин баары, президент сыяктуу өз киреше булактарын көрсөтүүлөрү керек. Бирок, алар мамлекет башчы сыяктуу өз капиталдарынын булактарын негиздеп бере алышпастыгын билем. Мен алардын көпчүлүгүнүн колунан келбейт деп ишеним менен айта алам”, - деп белгилейт К.Осмоналиев.

Эксперт Кыргызстан кошулган эл аралык конвенция боюнча мамлекет өз капиталынын же мүлкүнүн келип чыгышын түшүндүро албаса, мамлекет чиновниктин мүлкүн конфискация кыла аларын белгиледи.

“Батышта, мисалы, Америкада, эгерде сен мүлкүңдүн кайдан келгендигин айта албасаң, аны алып коюшат. Бул коррупцияга каршы эл аралык конвенциянын – ар бир чиновник өз капиталынын келип чыгышын түшүндүп бериши керек деген талабы. Биз бул коррупцияга каршы конвенцияга 2003-жылы толук кандуу кошулганбыз. Жана Кылмшы кодексине 308-беренени (Мыйзамсыз байлык топтоо) киргизгенбиз. Бирок, тилекке каршы, ал иштебейт”, - деп түшүндүдү К.Осмоналиев.

Ал ошондой эле, президент өз капиталы мамлекет башчысы кызматына келгенге чейин топтолгонуна, 2010-жылдагы талап-тоноолорго тиешеси жок экендигине ишенимдүү болгондуктан үлгү көрсөткөнүн кошумчалады. “Ал бийликке келгенине чейин эле анын олуттуу капиталы болгонун түшүнөт. А.Атамбаев апрель революциясынын учурундагы мамлекеттик акчаны тоноого тиешеси жок экендигин көрсөттү. Ал бийликке келгиче эле анын капиталы болгон жана бул байлыгын каалагандай колдонууга укугу бар”, - деп жыйынтыктады эксперт.

Пикир

Оставить комментарий