• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы муун репрессияланган кыргызстандыктардын Кыргызстандын калыптанышына кошкон салымын билиши керек – Р.Айтматова

Коом 0

Бишкек, 08.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 1937-жылдагы сталиндик репрессиянын курмандыктарынын бири Төрөкул Айтматовдун кызы Роза Айтматова бул окуяларды алардын үй-бүлөсү кантип башынан өткөргөнүн айтып берди.

“Сталиндик репрессиянын бейкүнөө курмандыктары ар дайым элдин эсинде” аттуу 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиялардын курмандыктарына арналган илимий-практикалык конференцияда Р.Айтматова бул иш-чара бир жагынан алганда, президент Алмазбек Атамбаевдин Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө тууралуу Жарлыгына байланыштуу маанилүү.

Роза Айтматова репрессиянын себептерин жана курмандыктарынын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын изилдөө маанилүү экенин билдирди.

Ал агасы, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов атасы аларды колонияга алып кетип калат деп коркуп балдарын Таласка Шекер айылына жөнөткөнү тууралуу айтып берген.

Роза Айтматова мындай адамдардын салымын изилдөө жана жаштарга айтып берүү керектигин, бул үлгү аларга үлгү болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий