• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар Hamburger клубунун курамында дзюдо боюнча Германиянын чемпиону аталышты

Спорт 0

Бишкек, 08.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар Отар Бестаев жана Юрий Краковецкий Hamburger Judo-Team клубунун курамында дзюдо боюнча Германиянын чемпиону болушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бардыгы болуп мелдеште 12 команда катышып, алар “Түндүк” жана “Түштүк” болуп эки тайпага бөлүнүшкөн.

Маалыматка ылайык, Германияда чемпион аталган Hamburger Judo-Team клубунун курамында дээрлик 50гө жакын дзюдочу катышып, алардын арасында Кыргызстандык дзюдочулар - Ю.Краковецкий О.Бестаевдер бар.

“Hamburger” Бундеслигасында экинчи ирээт алтын утту.

Пикир

Оставить комментарий