• 88.68
  • 95
  • 0.95

Футзал боюнча Азия кубогу. Бүгүн чейрек финалда Кыргызстан Иран менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Футзал боюнча улуттук курамасы бүгүн, 24-апрелде Азия кубогунун чейрек финалында Иран курамасына каршы кез келет.

Беттеш «Бангкок Аренада» орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө старт алат.

Бул беттешти уткан команда дароо Азия кубогунун жарым финалына чыгып, аны менен кошо ушул жылдын сентябрда Ташкентте өтө турган футзал боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алат.

Оюндун түз алып берүүсү УТРК Спорт каналында жеткиктүү болот.

Пикир

Оставить комментарий