• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте "алыш" бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Спорт 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда "Алыш” бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган "Гран-При" эл аралык мелдеши башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Украина, Индия жана Нидерландыдан келген 120дан ашык спортчу катышууда.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:

  • эркектер арасында (эркин жана классикалык стиль): 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг;
  • кыз-келиндер арасында (эркин стиль): 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.

Эскерте кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Мелдештин жалпы байге фонду 1 млн сом.

Беттештер УТРК спорт теле каналында түз эфирден көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий