• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдик жолуна түшкөн жер көчкү тазаланууда

Кырсык 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдик жолуна түшкөн жер көчкү тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун 28-апрелде саат 19:40 чамасында Сузак районунун Канжыга айылындагы Калмак-Кырчын – Канжыга ички чарбалык автоунаа жолуна жер көчкү түшкөндүгү кабарланган.

Сүрүлгөн жер көчкү жылып отуруп Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдик жолунун 364-чакырымына жетип, аталган унаа жолу саат 01:00дө убактылуу жабылып, нөмөөт уюштурулган.

Учурда жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.Закировдун жетекчилигинде Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин райондук Жарандык коргоо кызматтары жеринде тиешелүү жумуштарын аткарышууда.

Болжол менен жалпы көчкүнүн көлөмү 150 миң м3, ал анын ичинен Балыкчы — Жалал-Абад альтернативдик жолуна сүрүлүп түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 1200 м/кубду түзүүдө.

Аталган жолдогу кооптуулукту жоюуга "Чайна Роуд" иш канасынын 6 инженердик оор техника тартылып, тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий