• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстандык эки мушкер бокс боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 04.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар арасындагы курама командасынын мүчөлөрү Амантур Жумаев жана Зафарбек Камилов Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, бокс боюнча 2006-2007-жылкы жаштар арасындагы мелдеш азыркы учурда Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат.

Амантур Жумаев 54 кг салмак чен бирдигинде 1/8 финалдык баскычтан баштады. Биринчи беттешинде түркмөнстандык спортчуну, 1/4 финалда тажик мушкерин, жарым финалда монгол спортчусун артта калтырды. Жумаев 6-майда чечүүчү финалдык беттеште өзбекстандык Собиржон Тастанов менен күч сынашат.

51 кг чейинки салмакта Зафарбек Камилов 1/8 финалдык баскычтан баштады. Анда тажикстандык, андан кийин ирандык мушкерди жеңди. Жарым финалда монгол мушкерин артта калтырды. Камилов финалда индиялык спортчу менен күч сынашат.

Мындан сырткары, 48 кг чейинки салмакта Ясур Таалайбек уулу коло байгенин ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий