• 87.86
  • 93.94
  • 1

БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстанда балчылыкты колдоону улантууда

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. БУУнун Өнүктүрүү программасы "Окутуу жана консалтинг борбору" коомдук фонду менен биргеликте Кыргызстанда табигый балдын кошумча нарк чынжырын бекемдөө демилгесин баштады. Бул тууралуу БУУӨПтөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган демилге Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган "Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Долбоорду ишке ашыруунун аркасында өлкөнүн максаттуу аймактарында – Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында балдын кошумча нарк чынжырынын негизги катышуучуларына колдоо көрсөтүү улантылат.

Белгиленгендей, долбоор бал өндүрүүнү жана сатууну көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана анын экспорттук потенциалын бекемдөөгө багытталган.

"Кыргызстандын табигый балды өндүрүү жана экспорттоо боюнча олуттуу потенциалы бар. Бул тармакты өнүктүрүү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө жана региондордо өндүрүштү жана кайра иштетүүнү стимулдаштырууда маанилүү роль ойной алат. Бирок бул үчүн координацияланган биргелешкен аракеттер керек", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы БУУӨП туруктуу жана инклюзивдик экономикалык өсүшкө, экологиялык жактан таза жана жогорку кошумча наркты камтыган азыктарына, ошондой эле балдын нарк чынжырынын катышуучуларынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Долбоордун алкагында кеминде 120 жумушчу орун түзүлөт, анын ичинде айыл жериндеги аялдар үчүн дагы. Долбоор ошондой эле балды кайра иштетүүчү жана экспорттоочу ишканалардын, ошондой эле тейлөө операторлорунун потенциалын жакшыртат. Ошондой эле долбоордун алкагында КНЧнын катышуучуларын онлайн сайттар жана электрондук соода платформалары менен иштөө көндүмдөрүн үйрөтүү пландаштырылууда.

Маалымат үчүн: БУУнун Өнүктүрүү программасы Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган "Борбордук Азияда Соодага көмөк көрсөтүү" регионалдык долбоорунун (мындан ары - долбоор) бешинчи фазасын ишке ашырууда. Долбоор жашыл нарк чынжырларын илгерилетүү жана алардын экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдик жана туруктуу өсүүгө жетишүүдө Борбордук Азия өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Долбоор экономиканы диверсификациялоо жана рыноктун жана керектөөчүлөрдүн жаңы тенденцияларына ыңгайлашуу аркылуу кыйла туруктуу, коопсуз жана гендердик сезимтал экономикалык структураларды түзүүгө көмөк көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий