• 88.68
  • 95
  • 0.95

Террорчунун улуту, жынысы жана жашы болбойт - Камчыбек Ташиев

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Террордун улуту, жынысы жана жашы жок жана жалпы кыйроо жана башаламандыкка алып келет. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте өтүп жаткан КМШнын терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча биринчи конференциясында билдирди.

"Кыргызстан терроризмге каршы жигердүү күрөш жүргүзүүдө, бирок башка өлкөлөр менен биргеликте күрөшүу жакшы натыйжа берет деп эсептейм", - дейт ал.

Бул контекстте УКМК башчысы Ташиев Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгып, бекитилгендигин белгиледи. Анда чакырыктар менен коркунучтар ар тараптуу чагылдырылып, максаттар жана милдеттер түзүлгөн, ошондой эле террористтик көрүнүштөргө каршы туруу боюнча мамлекеттик органдардын да, бүткүл коомдун да биргелешкен аракеттеринин так алгоритми каралган.

Пикир

Оставить комментарий