• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча КМШнын конференциясы өтүүдө

Саясат 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин биринчи конференциясы башталды.

Конференцияны КМШ органдарындагы төрагалыгынын алкагында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек ташиев ачты.

УКМК башчысы өз сөзүндө Кыргызстан КМШны негиздөөчү мамлекеттердин бири катары жаңы платформаны түзүүгө активдүү катышканын, анын максаттары жана принциптери заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, билимдерди алмашуу, бирдиктүү чараларды иштеп чыгуу, өз ара ишенимди, аймактык коопсуздукту чыңдоо жана өлкөлөр ортосундагы конструктивдүү мамилелерди жана достукту өнүктүрүүгө багытталган белгиледи.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев азыркы учурда Афганистандагы жана Сириядагы туруксуз кырдаал жана анын мындан ары өнүгүүсү олуттуу коркунуч туудурган эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын идеологиялык жана үгүт иштеринин активдешине шарт түзүп жатканын баса белгиледи.

"Ушундай шарттарда биздин өлкөлөрдүн актуалдуу маалымат, практикалык тажрыйба алмашуу жана натыйжалуу каршы чараларды биргелешип иштеп чыгуу ролу жана мааниси жогорулап жатат. Тышкы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө БУУ, Аймактык антитеррористтик структуранын, Шанхай кызматташтык уюмунун жана КМШнын Терроризсге каршы борбору сыяктуу эл аралык структуралар негизги роль ойнойт.

Кыргызстан жогорудагы уюмдардын толук кандуу мүчөсү болуу менен терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүнү улантууда, терроризмге каршы глобалдык стратегиянын жоболорун жана БУУнун коопсуздук резолюциясын, ошондой эле антитерроризмге каршы аракеттенүү боюнча аткаруучу ректораттын сунуштарын ишке ашырууда", - деди ал.

Жыйынтыгында УКМКнын төрагасы конференциянын алкагында күч түзүмдөрүнүн жана атайын кызматтардын антитеррордук бөлүмдөрүнүн жетекчилигинин жыйыны, илимий-консультативдик кеңештин жыйыны, ошондой эле КМШнын антитеррордук борбору менен ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюларын белгилеп, меморандум терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатууга кызмат кыларын кошумчалады.

Конференцияга төмөнкулөр катышууда:

- КМШга мүчө мамлекеттердин тиешелүү органдарынын 8 өкүлү (Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикистан, Өзбекстан);

- ШКУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү органдарынын 4 өкүлү (Индия, Иран, Кытай, Пакистан) жана ШКУнун байкоочу өлкөлөрүнөн бир өкүл (Монголия);

- КМШ өлкөлөрүнүн уставдык жана тармактык органдарынын жумушчу структураларынын 10 өкүлү (аткаруу комитети, коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңеши, Парламенттер аралык ассамблеянын кеңеши, Чек ара аскерлеринин кол башчыларынын кеңеши, Башкы прокурорлордун координациялык кеңеши, Ички иштер министрлеринин кеңеши, Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңеши, бажы кызматтарынын, мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин, антитеррордук борбор);

- эл аралык уюмдардын аткаруу органдары (БУУнун контратеррористтик башкармалыгы, БУУнун коопсуздук кеңешинин контртеррористтик комитетинин аткаруу директораты, БУУнун Коопсуздук кеңешинин аналитикалык колдоо жана санкцияларды көзөмөлдөө тобу, БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы программалык кеңсеси, Эл аралык кылмыш полициясы уюмунун башкы катчылыгы, ЕККУнун Кыргызстандагы программалык кеңсеси, кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топ, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Биргелешкен штабынын катчылыгы, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн катчылыгы жана аткаруу комитети, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин катчылыгы, Баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия аймактык маалыматтык координациялык борбору);

- илимий жана билим берүү уюмдарынын 3 өкүлү (КМШга мүчө-мамлекеттердин терроризмге жана экстремизмдин башка көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү проблемаларын изилдөө боюнча базалык уюму, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Россия Федерациясынын Аскердик илимдер академиясы).

Пикир

Оставить комментарий