• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төө-Ашуу жана Өтмөктө жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда жол жааган кардан тазаланып, кум-туз аралашмасын себилүүдө. Ошондой эле тазалоо иштери Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда жүргүзүлүүдө. Унаа кыймылына чектөөлөр жок.

Белгилей кетсек, буга чейин синоптиктер 20-22-сентябрда өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий