• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында Ормон Хандын 230 жылдыгы белгиленет

Аймак 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда Ормон Ниязбек уулунун (Ормон Хан) 230 жылдыгы белгиленет. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мааракенин алкагында Семиз-Бел айылында Кыргызстандын Мамлекеттик Туусу көтөрүлүп, Ормон Ниязбек уулунун эстелиги ачылат.

Маданий иш-чаранын расмий бөлүгү Кочкор айылындагы М.Садыков атындагы стадиондо болот. Ал эми мааракенин маданий бөлүгү Кочкор айылындагы “Ормон Хан” сейил багында уюштурулат.

Ошондой эле улуттук ат оюндары Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой аймагында өткөрүлөт.

Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Сарыбагыш уруусунун чоң манабы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

Тарыхый маалыматтарга караганда, Ормон хан 18 жашынан баштап эле согуштук жүрүштөргө активдүү катышып, өмүрү өтө татаал тарыхый кырдаалга - кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келген. Отуз жашынан эл башкарууга аралаша баштаган.

Анын атак-даңкы артып, кыргыз урууларынын, атүгүл казактардын арасында дагы таасири күчөгөн. Анжиян, Алай, Ферганадагы аркалык кыргыз урууларынын башчылары Ормон хан менен алака катышта болуп турушкан.

Ниязбек уулу кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830-1831-жылдары солто, сарбагыш, бугу, саяк, черик жана башка уруулардын өкүлдөрүн, Кокон ханынын элчилерин “Жер ортосу” аталган Орто-Токойго атайын жыйынга чакырып хан көтөрүлгөн. 1842, 1843, 1851-жылдары Ысык-Көлдөгү, Курткадагы, Чүйдөгү Кокон чептерин талкалатып, Кокон бийлигине оор сокку урган.

1847-жылы Кененсары баштаган казактын кошууну кыргыздарды басып алуу үчүн жортуулга чыккан. Салгылашка бек турган Ормон хан армиясы менен казак ханы Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдеген жана Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргогон.

Пикир

Оставить комментарий