• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

20-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 20-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +14...+19, Талас облусунда +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл, Нарын облустарында +11...+16 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +16...+18 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий