• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров: Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүүнү жактайт

Президент 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүүнү жактайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарында билдирди.

Өлкө башчысы өз сөзүндө глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу аймактар өзгөчө аярлуу болуп калгандыгын баса белгилеп, Кыргызстанда тоолор аймактын 94% ээлей тургандыгын айтты.

"Тоо мөңгүлөрү Жердин криосферасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, алар биздин планетанын климатына гана таасир этпестен, флора жана фауна үчүн жашоо чөйрөсүн камсыз кылат, адамдарды суу менен камсыз кылат.

Борбордук Азиядагы климаттык өзгөрүүлөр мөңгүлөрдүн эришине алып келди. Эгерде мурда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 2050-жылга чейин жарымына кыскарып, 2100-жылга чейин алар таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн деп болжолдонсо, эми бул процесс мындан дагы тез болот деп айтканга негиз пайда болууда", - деди Садыр Жапаров.

Ал мындай жагдай бүткүл региондо көйгөйлөрдүн күчөшүнө алып келүүдө деди. Ошол эле ичүү жана айыл чарбасы үчүн суу жетишпей, кыртыш деградацияланып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралууда.

"Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттердин тобунун акыркы отчетуна ылайык, криосферанын өзгөрүүсүнүн терс таасирин экосистемасы адаптациялоонун акыркы чегине жеткен бийик тоолуу региондордун тургундары өзгөчө сезип жатышат.

Тоо экосистемаларын жана мөңгүлөрдү натыйжалуу сактоо максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан буга чейин кабыл алынган тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча резолюциялардын негизинде биздин өлкө Глобалдык тоо өнөктөштүгү жана Бириккен Улуттар Уюумунун тутумунун башка өкүлдөрү менен биргеликте Глобалдуу иш-аракеттер планын иштеп чыкты. Биз бардык өнөктөштөргө – өлкөлөргө жана эл аралык структураларга – биргеликте жүргүзүлгөн иш үчүн ыраазыбыз", - деди Кыргызстандын президенти.

Өлкө башчысы өз сөзүндө Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүүнү жактай тургандыгын баса белгиледи.

"Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана «жашыл» экономикага өтүү бул келечектеги коалициянын башкы багыттарынын бири болот деп ишенебиз.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы биздин өлкөнүн жана Италия Республикасынын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясы бир добуштан кабыл алынып, ага 110 мүчө-мамлекет биргелешип автор болду.

Бул документ 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин Беш жылдыгы деп жарыялады.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин демилгени колдогондугу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттерине терең ыраазычылык билдирем.

Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын андан ары ишке ашыруу максатында «Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койдум, ошондой эле «2023-2027-жылдар мезгилине тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын» ишке ашыруу боюнча улуттук «Жол картасы» иштелип чыкты, ал жакын арада кабыл алынат.

«Жол картасы» өзүнө глобалдык, регионалдык жана улуттук масштабдагы иш-чараларды, анын ичинде туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча учурда иштеп жаткан жана келечектүү долбоорлордун алкагында иш-чараларды камтыйт.

«Тоо беш жылдыгынын» жыйынтыктоочу этабы катары биз Кыргызстанда 2027-жылы, биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүүнү пландаштырып жатабыз", - деди ал.

Жапаров бийик трибунадан бардыгын жигердүү катышууга, тоо экосистемаларын сактоо үчүн конкреттүү салым кошууга чакырды.

"Биз Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобундагы өнөктөштөрүбүзгө, Глобалдуу тоо өнөктөштүктөгү досторубузга жана Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл системасына Кыргызстандын демилгелерин ар тараптан колдогондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да биргелешкен жемиштүү кызматташууга даяр экенибизди билдиребиз", - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий