• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто “Мерседестин” айдоочусу 1-класстын окуучусун өлтүрө сүзүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү Шарипов атындагы мектептин жанынан 1-класстын окуучусун унаанын айдоочусу өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, окуучу бала тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген, бирок ооруканага келгенде бала каза болгон.

“Мерседес” үлгүсүндөгү унааны 1992-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан.

Пикир

Оставить комментарий