• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балыкчыда 11 жаштагы кызды унаа сүзүп кеткен

Кырсык 0


Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Балыкчы шаарында 11 жаштагы кызды унаа сүзүп кетип, күнөөнү мойнуна аймактык тескөөчү алды.

Ал эми кыздын атасы рулда шаардык милициянын башчысы болгонун, ал мас абалында унаа башкарып бара жатканын, анын ордуна башка адам экспертизага келгенин айтып чыккан.

Унаа сүзгөн кыз ооруканага жаткырылган.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Балыкчы шаарында жөө жүргүнчүнү сүзүп кетүү фактысы ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

“Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык милициясынын башчысы жана кызды сүзүп кеткендигин билдирген аймактык тескөөчү (шаардык милициянын башчысынын иниси) ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий