• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайдын аймагындагы жер титирөө Кыргызстанда 3 баллга чейин сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Кытайдын аймагындагы жер титирөө Кыргызстанда 3 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:24тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында (Бедел айылынан 32 чакырым түштүкө, Кумтөр кенинен 85 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынын 140 чакырым түштүкө) 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий