• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта сууга чөккөн 57 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сууга чөккөн 57 жаштагы кишинин сөөгү табылды.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, күн мурун болжол менен саат 14:58де 1962-жылы К.А., аттуу киши Канды айылындагы каналга чөгүп кеткен.

"Куткаруучулар жерине жеткиче жергиликтүү тургундары маркумдун сөөгүн каналдан чыгарышкан. Куткаруучулар тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий