• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК качкын президент Бакиевди колдогон телевизиондук материалдардын авторлоруна эскертүү берди

Коом 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети качкын президент К. Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдогон телевизиондук материалдардын авторлоруна эскертүү берди.

"Мындай маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу, УКМК маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет", - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, КР Башкы прокуратурасы тарабынан мурун козголгон кылмыш иштери боюнча К. Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон.

Азыркы убакта айыпталуучулар издөөдө жүрөт.

Эскерте кетсек, кечээ, 30-июль күнү NewTV телеканалында К. Бакиевдин туулган күнүнө карата сюжет чыгып, ал коомчулук арасында кызуу талкууга түштү.

Пикир

Оставить комментарий