• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү асфальтталат

Аймак 0

Бишкек, 04.05.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү асфальтталат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди.

Министр белгилегендей, жалпы жонунан 3 чакырым 800 метр жол оңдолот. Жолду асфальттоо иштери жакынкы күндөрү башталып, июль айына чейин аяктайт.

Жолду асфальттоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий