• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында 27-августта массалык ишембилик өтөт

Аймак 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 27-августта массалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу парктары, жолдор, менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканалардын айланасы, сел арыктар жана тротуарлар тазаланат.

Шаар бийлиги калаанын тазалыгы үчүн уюштурулган ишембиликке бардык жарандарды активдүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий