• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында пневмонияны дарылай турган жугуштуу оорулар бөлүмү уюштурулат

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында пневмонияны дарылай турган жугуштуу оорулар бөлүмү уюштурулат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Н. Мирзахмедов билдиргенин өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы №27 «Шүүдүрүм» мектепке чейинки билим берүү уюму учурдун талабына ылайык, убактылуу инфекциялык ооруканага айланат. Бул жер 70 орунга ылайыкташып, мында пневмония оорулары менен дарыланууга муктаж жарандар жаткырылмакчы.

«Өкүл облустук штабдын жыйынын өткөрүп, андан соң жеринен имаратты көрүп чыгып, тиешелүү адистерге чукул тапшырмаларды берди. Облус башчысы бүгүнкү күндө пневмония дарты менен кайрылгандардын саны өскөнүн белгилеп, мындан улам жарандарды кезек күттүрбөй, ыкчам аракеттерди көрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган билим берүү мекемесин ооруканага айлантуу чечимин чыгарган», - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган жайга керектүү болгон жабдуулар жана төшөнчүлөрдү алуу үчүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн фондунан Н. Мирзахмедов 300 миң сом акча каражатын бөлдү.

Учурда имарат ооруканага ылайыкташтырылып, койкалар коюлуда. Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунан тарта бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Пикир

Оставить комментарий